Чет өлкөдөн депортацияланган, соттолгон жарандарга өздүк маалыматы өзгөртүлгөн паспорттор берилгени боюнча кылмыш иши козголду

КРнын Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери текшерүү иштеринин жүрүшүндө Социалдык фонд жана Мамлекеттик каттоо кызматтарындагы коррупциялык схемаларды аныктап чыкты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 20-октябрда билдирди.

Белгилүү болгондой, чет өлкөлөрдөн депортация болгон жарандар, мурун соттолгон, издөөдө жүргөн жана башка кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар Социалдык фонд менен Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарынын жардамы аркылуу жаңы паспорт алып жүрүшкөн. 2013-жылы эки мекеме тарабынан 2200дөн ашуун жаран жаңы документтерге ээ болушкан. 

Мындан сырткары мыйзамсыз документ алмаштыргандардын катарында банктардан насыя алгандар да бар экени аныкталган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан