Быйылкы 2014-жылдын ажылык сапар учурунда эки кыргызстандык зыяратчы каза болду. Маалым болгондой, каза тапкандардын бири Жалал-Абаддын Ноокен районунан барган 66 жаштагы аксакал болсо, экинчиси Оштун Кара-Суу районунан кеткен 78 жаштагы улгайган айым болчу. Ажылык сапарда каза тапкандардын сөөгү Сауд Арабиясында жерге берилди. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда SUPER.KG порталына муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам сапар алган.