Бишкекте Кыргызстандын биринчи коргоо министри Мырзакан Субановдун 70 жылдыгына арналган жыйын өтөт

Эртең, 21-октябрда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын биринчи коргоо министри, генерал-полковник Мырзакан Субановдун 70 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өтөт. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, М.Субановду куттуктоого республиканын өкмөтүнүн, КРнын Президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңештин, КРнын КК Башкы штабынын өкүлдөрү, убагында генерал менен бирге мамлекетке кызмат өтөгөндөр жана кесиптештеринин келүүсү күтүлүүдө.

М.Субанов 37 жылдан ашык эмгегин аскер кызматына арнаган. Ал командирликтен баштап Кыргызстандын коргоо министрине чейин көтөрүлгөн. Анын жетекчилиги менен КРнын Куралдуу күчтөрүн түзүү жана өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан