
* Мындан 181 жыл мурун, 1833-жылы швециялык химик, “Нобель” сыйлыгынын негиздөөчүсү
Альфред Нобель Стокгольмдо туулган. 1864-жылы 14-октябрда Альфред Нобель курамында нитроглицерин заты болгон жардыруучу затты ойлоп таап, ага патент алган. Андан кийин детонаторго, динамитке, түтүнсүз ок-дарыга (порох) патент алган. Акыркы жылдары жүрөгү ооруп жүргөн учурда ал бир таанышына "Мага дарыгерлер нитроглицерин ичүүнү сунушташты, бул тагдырдын тамашасы эмеспи?" деп да жазган. 1896-жылы 10-декабрда Альфред Нобель Италияда каза тапкан. Ал үй-бүлө күтпөгөндүктөн, өзүнүн мурасы катары калган байлыгын адамзатка керектүү ачылыштарды, жетишкендиктерди колдоого жумшоону керээз кылып кеткен.

* Мындан 70 жыл мурун, 1944-жылы Бермуд үч бурчтугунда америкалык "Рубикон" кемесинин бүт экипажы табышмактуу жоголуп кеткен. Кийин кеме эч бузулуусуз, мыкты абалда табылган. Бортто бир гана ит калган.

* Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылы орусиялык балбан, бир катар рекорддордун ээси
Брюс Хлебников Тула – Москва каттамындагы поездде төрөлгөн. Ал 4 жашынан тартып спорттун ушу түрү менен алектене баштап, бир жылдан кийин сары курга ээ болгон. Көп өтпөй Волга автоунаасын ордунан жылдырганы үчүн "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. 9 жашында ушу боюнча кызыл кур тагынып, андан эки жыл өткөн соң салмагы 12 тоннаны түзгөн аскердик учакты сүйрөгөн. Кийин кемени ордунан жылдырып, чачына автобусту байлап алып сүйрөп, жалпысынан "Гиннесстин рекорддор китебине" отуздан ашык жолу катталган.