Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердиги жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы пикир билдирди. Бул мыйзам 2012-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты - Кыргызстандагы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролорунун ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу болуп эсептелет. Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчы букмекер кеңселери жана тотализатор бюролору кумар оюндарынын катарына кирет деп эсептейт. Аталган жайларда деле мелдештерге байге сайыла тургандыгын айтып, мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди өлкө башчы.