Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын 75 жылдык мааракесине карата физика-техника факультетинде билим алган, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык аймактарында үзүрлүү эмгектенип жаткан жана ардактуу эс алуудагы бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу кечеси уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууга факультетте билим алып, учурда ОшМУда эмгектенип жаткан ардактуу агайлар - КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, профессор Байыш Арапов, техника илимдеринин доктору Идирис Кенжеев, окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, персоналдык пенсионер Миталип Бакиров, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору Миталип Таиров, КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, математика илимдеринин доктору, профессор Шамши Исмаилов, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Ош технологиялык университетинде декан Адыл Сарымсаков, Кыргыз-Өзбек университетинде факультеттин деканы Гүлзат Өмүрбековалар келип, агай-эжейлер, студенттер менен жолугуп, пикир алышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.