Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда милиция кызматкерлери каракчылыкка шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу 20-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 31-августта Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан аларды тоноп кетишкендери тууралуу билдирүү түшкөн. Жабырлануучулар Беш-Күнгөй айылында орун алган “Таштар-Ата” эс алуучу аймагынан азиат улутундагы 20-25тер чамасындагы, жыгач таяктар менен куралданган үч белгисиз жигит аларды сабап, 4 миң долларын, 100 миң теңгесин жана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып кетишкенин билдиришкен.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББинин кызматкерлери тарабынан Аламүдүн РИИБинин оперкызматкерлеринин кызматташуусунун жардамы менен 25 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну жана Бишкектин 23 жаштагы жашоочусу кармалды.

Тергөө учурунда кармалгандардын дагы башка кылмыштарга катышы бар экени аныкталды. 

“2-октябрда белгисиз бирөөлөр оор кылмыш жасашкан. Анда Лебединовка айылында кылмышкерлер күч колдонуп, 22 жаштагы пакистандык жарандын Хонда автоунаасын тартып алышкан. Факт боюнча кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй автоунаа Жалал-Абад облусунан табылган” деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалгандар көрсөтмө берип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан