Кемин районунда унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды

Кемин РИИБинин кызматкерлери "түнкү клубдун жанында токтоп турган унааны айдап кеткен" деп шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине кайрылган Алтымыш айылынын 65 жаштагы М.Жаңылкан аттуу тургуну 17-октябрдан 18-октябрга караган түнү клубдун жанына токтотулган Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөргө уурдаткандыгын айткан.

Бул боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кара-Булак айылынын тургуну, 31 жаштагы К.Алмазбек шектүү катары кармалды. Учурда шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан