Ош шаарында бүгүн, 21-октябрда күзгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда саат 00:00дөн баштап, 23-октябарда саат 00:00гө чейин таза суу болбойт. Шаардык суу-канал башкармалыгынан билдиришкендей, шаар тургундарына ушул күндөрү жетишерлик суу камдап алуу керектигин эскертет.