Түп районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, айдоочу уктап кеткен. Мындан улам унаа жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган айдоочуну унаадан чыгарышкан. Учурда айдоочу Садырбек Жакыпов ооруканада.