Токтогул районундагы жол кырсыгынан 4 адам жабыркап, 1 адамдын дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түнү катталган. Анда Хонда Сабер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан капчыгайындагы сууга түшүп кеткен. Анын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Учурда алар ооруканада. Ал эми 1 адамдын дайыны билинбей жатат. Учурда аны издөө иштери жүрүүдө.