Ош. Кара-Суу районунда Юрий Гагарин атындагы орто мектепке кошумча имарат салынып, колдонууга берилди
Кара-Суу районунда Юрий Гагарин атындагы орто мектепке кошумча имарат салынып, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда райадминистрациядан билдиришти. Маалым болгондой, жаңы имарат 420 орунга ылайыкташкан. Мектеп директорунун айтымында, буга чейин 900 орундуу мектепте 2 миңге жакын окуучу окуп келген болсо, мындан ары кошумча имаратка бөлүнүп окушат. Мектептин ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты. Айта кетсек, мектептин жалпы сметалык баасы 43 миллион сомду түзүп, каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.