Дастан Бекешев: “Мамлекеттик кызматкерлерге класстык чиндерди берүүнү жоюу керек”

“Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге класстык чиндерди берүүнү жоюу керек”. Бул сунуш ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев тарабынан айтылды. Эл өкүлүнүн айтымында, министрлер менен депутаттарга класстык чин берүүнүн зарылчылыгы жок. Мамлекеттик кызматкерлер көрүнбөгөн регалиянын артынан чуркап жүрүшөт. Бул алардын айлыгына акча коштуруунун аракети. Жасаган ишинин жыйынтыгы менен маянасына кошумча акча кошулгудай болсо жакшы болмок”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан