Кечээ, 20-октябрдагы ок атышуу боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ саат 18:45 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери унаасы менен бара жатканда артынан Тойота Эллион үлгүсүндөгү унаасы келип сүзгөн. Кызматкер окуяны териштирүү үчүн түшкөн учурда сүзгөн унаадагы 25-30 жаштардагы 3-4 бала түшүп, эч себепсиз кызматкерди ур-токмокко алышып, жанындагы Макаров үлгүсүндөгү куралын тартып алууга аракет жасашкан. Өз ара тартышуу учурунда куралдан ок чыгып, зомбулук көрсөтүп жаткан балдардын биринин бутуна тийген. Ошого карабастан, зомбулук көрсөткөн балдар куралды тартып алышып из жашырууга аракет жасашкан. Бирок жетип келген оперативдүү топтун иш-аракети менен ок тийген 1988-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалган. Анын шериктери качып кетишкен. Учурда 30 жаштагы милиция кызматкери Ош шаардык ооруканасында. Кармалган жарандын үстүнөн "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.