Казакстандын чек арачылары тарабынан 30 килограммга жакын маңзат менен Кыргызстандын эки жана Орусиянын бир жараны кармалды. Бул тууралуу 21-октябрда Казакстандын Чек ара кызматынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматка ылайык, Тойота РАВ-4 үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынып, андан 26 килограмм героин табылган. Ошондой эле казак-кыргыз чек арасынан өтүп бара жаткан Мерседес-Бенц унаасы текшерилип, андан 4 килограмм гашиш жана 1 килограммга жакын героин табылган.
Эки факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.