Борбордо балетмейстер Асылбек Бегалиевдин 80 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 21-октябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында КРнын Эмгек сиңирген ишмери, педагог-балетмейстер Асылбек Бегалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 

Асылбек Бегалиев 1948-жылы Фрунзе шаарындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына кирген. 1950-жылы окуучу кезинде опера-балет театрында “Чолпон” спектаклинде Саматтын ролун ойногон. Анын кыргыз искусствосуна жана маданиятына сиңирген эмгеги бааланып, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы, Манас-1000 медалы, "Маданияттын мыкты кызматкери", "Баткен облусунун ардактуу атуулу" наамдары ыйгарылган. Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Асылбек Бегалиев 80 жаш куракка чыкса да, бүгүнкү күнү жаш муундарды бий өнөрүнө тарбиялап келүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан