Баткен районунда 4 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, министрликке 2010-жылы туулган Бекзат Мамасалиевдин ата-энеси кайрылган. Анда алар баласынын 19-октябрдан бери дайынсыз экенин айтышкан. Буга чейин алар өз ара издешкен, бирок натыйжа болгон эмес. Учурда куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп жатышат.