Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу өзүнүн жүргүнчүсүн сабап салган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен 1958-жылы туулган шаардын тургуну кайрылган. Анда ал аял шаар ичинде каттаган маршруттук таксилердин биринин айдоочусу аны сабап салганын айткан.
Жол кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан шаардын 30 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.