Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы экспертизанын чечими менен Бишкектеги 159 жарнак тактасы кооптуу деп табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко билдирди. Анын айтымында, шаар тургундарына коркунуч жараткан мындай жарнак такталарды 4 этап менен алып салуу пландалууда. "Манас көчөсүндөгү 30, Чүй проспектисиндеги 18, Байтик баатыр көчөсүндөгү 56 жарнак тактасы алынат" деди Красиенко.