Бишкекте номуру жок унаанын жүргүнчүсү милиция кызматкеринин бетин тытып, погонун жулуп алган

Бишкекте номуру жок унаанын жүргүнчүсү милиция кызматкерине кол көтөрүп, погонун жулуп алган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 20-октябрь күнү саат 23:30дар чамасында орун алган. Бишкек ШИИББинин түнкү ыкчам милиция кызматкерлери тарабынан 7-кичи районунда мамлекеттик номери жок Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында унаанын айдоочусу, 23 жаштагы Т.Нурбек мас абалда экени жана унаага тиешелүү эч кандай документтери жок экендиги аныкталган.

"Айдоочу Республикалык наркология борборуна барып кароодон өтсүн" дегенде унаадан 29 жаштагы И.Миргүл аттуу айым чыгып милиция кызматкерин ургулап, бетин тытып, погонун жана чөнтөктөрүн айрып салган. Аны токтотууга аралашкан кызматкерлерди да сөгүп, аларга жумуш ордуларынан алынарын айткан. Ага байланыштуу мас айдоочу менен анын жүргүнчүсү Октябрь райондук ИИБине жеткирилген. 

Учурда "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kenje7777777
2014-10-22 17:11:43
Депутаттар оздору ушундай ишке барып жатышпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан