Баңгизат менен кармалган милиция кызматкери күч органдарынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында К.Э. аттуу милиция кызматкери 9,7 грамм маңзат менен кармалган. Кийин анын үйүн тинтүүгө алганда дагы 30 грамм героин табылган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгында аталган кызматкер күч органдарынын катарынан чыгарылган.