Ош облусунун тургуну зордуктоо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-октябрь күнү милиция кызматкерлерине 19 жаштагы Сокулук районунун тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Ош облусунун 40 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.