Ысык-Көл ОИИБнин кызматкерлери Каракол шаарында талап-тоноо иштерине шектелген кылмыштуу топту колго түшүрүштү. Кармалган жарандар Ак-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын Батыржан А., Турар М., Рамис Б., Бекболот М. аттуу тургундары экендиги белгилүү болду. Алар аталган райондун Челпек жана Таш-Кыя айылынын Теңизбай Б. жана Ислам Р. аттуу тургундарын коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алышкан. Көп узатпай укук коргоо кызматкерлери аларды кармап, кылмышка далил буюм катары уюлдук телефондор алынды. Кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюнга алышканын билдирет ОИИБ.