Бакай-Ата районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн баңгизат табылды

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында баңгизатты мыйзамсыз сактоо фактысына шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бакай-Ата райондук сотунун турак жайга тинтүү жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндөгү токтомунун негизинде шектүүнүн үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада 1969-жылы туулган С.К. аттуу жарандын турак жайынан ак целлофанга оролгон, салмагы 40 грамм, өзгөчө жыты бар, кургатылган, жашыл түстөгү кара куурай алынган.

Учурда бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан