Жалал-Абад облусунда уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгы бүгүн, 21-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын август айында Сузак районундагы турак үйлөрдүн бирине белгисиз жарандар ууруга киришкен. Анда алар үйдөгү баалуу буюмдарды алып кетишкен. Жалпы чыгым 120 миң сомдун тегерегин түзгөн. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.