2014-жылы баалуу кагаздар менен соодалашуу көлөмү дээрлик 2 миллиард сомду түздү

2014-жылдын 9 айынын ичинде баалуу кагаздар менен соодалашуу көлөмү 1 миллиард  996,2 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч 2013-жылдыкына карата бир топ жогору. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Абиров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрына карата өлкөдө баалуу кагаздар менен 73 юридикалык мекеме иштейт. “Отчёттук мезгилдин ичинде баалуу кагаздар менен иштешүүдө мыйзам бузуулар боюнча 37 административдик иш ачылган. Жалпысынан аталган бөлүмгө акционерлер, мамлекеттик түзүмдөр тарабынан 71 арыз, кайрылуу жана даттануулар түшкөн. Алар боюнча жооптор кайтарылган жана тиешелүү чаралар көрүлгөн”,- деди Абиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан