Каракол шаарынын коммуналдык ишканалары кышкы мезгилге 100 пайызга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Каракол шаарынын жашоочуларын жылуулук менен “Жылуулук” жана “Жылуулук камсыздоо” коммуналдык ишканалары камсыздоодо. Учурда ишканалардын отканалары 100 пайызга даяр.
“Жылуулук” коммуналдык ишканасында көмүрдүн запасы 3841 тонна, бул 30 күнгө жетерин, ал эми “Жылуулук камсыздоо” коммуналдык ишканасында 1928,6 тонна көмүр бар экенин, бул 45 күнгө жетерин басма сөз кызматынан билдиришти.