Кыргызстанда жалпы көлөмү 82,8 миллион сомго барабар 2776 баалуу кагаз чыгарылган

2014-жылдын 1-октябрына карата көрсөткүч боюнча, Кыргызстанда жалпысынан 2776 баалуу кагаз чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетов билдирди.
Анын айтымында, чыгарылган баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 82 миллион 798 миң сомго барабар. "Анын ичинде акциялардын жалпы көлөмү 81 миллион 360 миң сом, облигациялардын көлөмү 1 миллион 264 миң сом, инвестициялык пайлардын көлөмү 101 миллион сом жана турак жай сертификаттарынын көлөмү 72,6 миллион сомду түздү",- деди Муканбетов.
Мындан тышкары ал ушул жылдын ичинде 48 баалуу кагаз чыгарылгандыгын баса белгиледи. "Булардын жалпы көлөмү 15,8 миллион сомго барабар",- деп кошумчалады ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан