Кыргызстандык композитор Вера Осмонкулованын музыкасы жаңырган америкалык тасма эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды

Америкалык жаш режиссёр Дэвид Молинонун "Waking up dead" аттуу тасмасында кыргызстандык композитор, КРнын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун эжеси Вера Осмонкулованын музыкасы жаңырат. Аталган фильм "Toronto International filmfestival" кинофестивалында "Akademy Award of Merit" ("Оскар") наамын жеңип алганын жана фильмдин режиссёру композитор айымга анын жараткан чыгармасы үчүн ыраазычылык билдирип кат жөнөткөнүн Вера Осмонкулова 22-октябрда SUPER.KG порталына билдирди. 
Дэвид Молинонун Вера Осмонкуловага жазган каты: "Вера, сиздин музыкаңыз, чыгармачылыгыңыз мага эргүү тартуулап, тасмамды жаратууга шыктандырды. Ал бардык кино ишмерлери самаган бийик деңгээлдеги "Akademy Award of Merit" наамын алууга көмөкчү болду. Фестивалдын уюштуруу комитети актёрлордун ачып берген мыкты образдарын гана эмес, тасмадагы сиздин музыкаңызды көрүнүктүү жаратмандык катары баалап, бул сыйлыкты тапшырганын мен ишеничтүү айта алам. Сиз менен тааныштырган тагдырга ыраазымын. Эми "Оскар" сыйлыгын алууда жолугабыз деген ишеничтемин"
Вера Осмонкулова: "Бул сыйлыкты тапшыруу аземи январь айында болот. Буюрса, бул саамалыкка мен дагы катышам",- дейт толкунданып. 

Белгилей кетсек, Вера Осмонкулова - Европанын сахналарында дүйнөлүк классикалык чыгармаларды оркестрдин катарында гана эмeс, фортепианодо классикага айланган кыргыздын нукура музыкасын дүйнө элине жайылтып келе жаткан кыргыз музыканттарынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kanat8427
2014-10-22 17:49:28
Ийгилик ишинизге
+1
Ibragim864
2014-10-22 18:56:38
Жердешибиздин ийгилигине биз да кубанычтабыз.Кыргыздын ушундай сыймыктана турган кыздары коп болсо экен.
+2
Manasemetei
2014-10-23 03:24:29
sonun janylyk
+1
dinooou
2014-10-23 17:25:45
Жуксун жуксун,чоң чоң сыйлыктарды алалы биз да. Эжеке жугуза келсин эми)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан