Жалал-Абадда социалдык мекемелердин кышка болгон даярдыгы боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 21-октябрда кышка даярдык боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага тиешелүү уюмдардын жана беш шаардык аймактык башкармалыктын башчылары катышты. Жыйында шаардык уюмдардын, жеке жана көп кабаттуу үйлөрдүн, бала бакча жана мектептер, орто жана жогорку окуу жайлардын кышка карата даярдыгы тууралуу маселе каралды.

“Курманбек аймактык башкармалыгынын башчысынын маалыматы боюнча, аймактык башкармалыктагы 4050 жеке үйдүн 80 пайызы көмүр менен камсыздалды. Ошондой эле 30 көп кабаттуу үй борбордук жылытуу системине кошулганы белгилүү болду. Ч.Айтматов атындагы аймактык башкармалыкта 27 көп кабаттуу үй бар, алардын арасында 7 көп кабаттуу үйдүн жашоочулары борбордук жылытуу системи аркылуу жылытылат. Жалал-Абад шаарынын аталган аймактык башкармалыгындагы жеке турак үйлөрдүн саны 3722ни түзөт” деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан