Орусияда учак кырсыкка кабылып, дүйнөдөгү эң ири мунай компаниясынын жетекчиси Кристоф де Маржери каза тапты

Москвадан Парижге сапар тарткан Falcon-50 үлгүсүндөгү жеңил моторлуу учагы "Внуково" аба майданында кырсыкка кабылып, анда франциялык ири мунай “Тотал” ишканасынын жетекчиси Кристоф де Маржери каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.   

Кристоф де Маржери орус өкмөтү уюштурган чет элдик инвесторлор боюнча жыйынга катышуу үчүн келгени маалым. Кырсыктын айынан төрт киши каза тапканы айтылууда. Бул окуядан кийин "Внуково" аба майданында бир нече саатка учуп-конуулар токтотулган.

Учак старт алгандан кийин 40 секунд убакытка жетпей аба майданындагы кар тазалап жаткан унаага сол канаты менен урунган. Соккудан улам учак ала салып, андан соң жарылып кеткен. 

“Total” дүйнөдөгү эң ири мунай жана газ компаниясы болуп эсептелет. Ал Орусиянын эң ири үч долбоорунун биринин оператору. 2008-жылдан бери “Газпромдун" өнөгү катары саналат.

Айрым маалыматтарда аба майданында жол тазалоочу унаанын айдоочусу мас экени айтылууда. Ошондой эле "дүйшөмбү күнү Москваны туман каптап турган, бул да кырсыктын себеби болуп калышы мүмкүн" деп айтылат маалыматта. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.     

"Внуково" аба майданындагы учак кырсыгынан улам ири мунай компаниясынын жетекчиси Кристоф де Маржери каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
talasik
2014-10-21 21:10:28
Булда орустардын кор албастыгы
0
myrza80
2014-10-21 21:17:34
Бир жылы Польшалыктар каза тапты эле эми бул,Обама да бир келип кетсе экен.
+5
bema_bema
2014-10-22 00:31:51
Ишенбейим
+1
Sake80
2014-10-22 08:53:04
Эми айдоочунун моюнуна илишет да куноону
0
nabi89
2014-10-22 13:04:56
Ошондо жердеги карды тазалап жаткан болобу
0
Sake80
2014-10-22 16:44:11
Ооба да уже эле мас экен деп атпайбы эн оной жолу ошо да
0
sveet
2014-10-22 22:14:25
oi orustar shumduk bolup baratyshatko.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан