Бишкекте психикалык саламаттык боюнча бир айлык жарыяланат

Быйылкы жылдын 9 айында Бишкек мэриясына 42 199 документ келип түшкөнүн 21-октябрда мекемеден билдиришти. Документтер жана каттар жогорку мамлекеттик органдардан, мекеме-уюмдардан жана шаар тургундарынан келип түшкөн. Документтердин бир бөлүгү – Бишкек шаардык кеңешинин токтомдору, мэриянын жеке чечимдери, мэрдин жеке кабыл алуусу, мэрдин протоколдук тапшырмасы. 

Мэрия психикалык саламаттык боюнча бир айлык жарыяланарын да эскертти. Иш-чарада түрдүү темадагы лекциялар окулуп, мектеп окуучулары, студенттер үчүн тренингдер, талкуулар өтмөкчү. Максаты - жарандардын өзүн өзү өлтүрүүгө барышынын алдын алуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан