Бишкек шаарында көчө кесилиштерине жөө жүрүүчүлөр үчүн кошумча жол чырактары орнотулууда. Шаарды өнүктүрүү агенттиги билдиргендей, 22-октябрда Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кошумча жол чырактар иштей баштайт. Азыркы учурда Ахунбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде мындай жол чырактар иштеп жатат.
"Башкы максат – жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн жогорулатуу, транспорттук протоколдорго ылайыкташтыруу, шаардын жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо, жакшыртуу жана шаар тургундарын жана конокторду транспорттук кызматын талаптагыдай камсыздоо",- деп билдирет мекеме.
Жыл аягына чейин шаардын төмөнкү көчөлөрүнүн кесилиштерине кошумча жол чырактар орнотулат: Л.Толстой-Термечиков, Л.Толстой-Кулиев, Л.Толстой-Чапаев, Л.Толстой-Бах, Жибек-Жолу-Алматы, Байтик баатыр-Масалиев, Шабдан баатыр-Медеров, Ахунбаев-Тынчтык проспекти, Дэн Сяопин-Патрис Лумумба, Дэн Сяопин-Садыгалиев, Дэн Сяопин-Интергельпо, Чүй-Ибраимов, Чүй-Алматы.
Шаарды өнүктүрүү агенттиги кошумча жол чырактары жол кырсыктарынын санын 60 пайызга азайтарын кошумчалайт.