Талас облустук аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Канайым Сейдалиеванын айтканына таянсак, азырынча Талас шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясынын депутаттарынан мандат тапшыруу тууралуу эч кандай арыз түшө элек. Эскерте кетсек, аталган шаардык кеңештин "Реформа" көпчүлүк коалициясынын депутаттары мандаттарын тапшырышканын жарыялап, бул боюнча аймактык шайлоо комиссиясына арыз жолдой тургандыктарын айтышкан. Депутаттардын мындай кадамына 28-январда өткөн мэр шайлоо себеп болгон. Шайлоодо көпчүлүк коалициянын 2 депутаты азчылык коалициянын өкүлүнө добуш бергендиги белгилүү болгон.