Бүгүн Бишкектин эски аянтында "23-октябрь - Илбирстин күнү" аталышында флешмоб өтөт. Бул тууралуу 22-октябрда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы
Төлөгөн Мамасалиев билдирди.
Иш-чаранын башкы максаты илбирсти коргоо болуп саналат. Өткөн жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу боюнча
Бүткүл дүйнөлүк форум орун алган. Анда декларация кабыл алынып, форумга катышкан 12 өлкөдө 23-октябрь
Ак илбирс күнү деп жарыяланган эле.