2014-жылы 202 жол кырсыгы катталган болсо, 2013-жылы алардын саны 152ни түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жайыл районунун ИИБинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
"Бул кырдаал бир гана Жайыл районунда эмес, жалпы Чүй облусунда байкалууда. Жайыл районунун аймагында катталган жол кырсыктарынын жарымы Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Жыл башынан бери ал жакта 97 жол кырсыгы катталган, өсүү былтыркы жылга салыштырмалуу 40,6 пайызды түзүүдө. Андан улам 32 адам каза болгон, бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Ошондой эле 264 адам жабыр тарткан, ал эми 2013-жылы анын саны 118 адамды түзгөн",- дейт Жайыл районунун ИИБинин Жол-кайгуул кызматынын бөлүм башчысы Азамат Орозбеков.
Маалым болгондой, жол кырсыктарынын санынын өсүшү менен каза тапкандар жана жабыр тарткандардын саны да өсүүдө.