Бишкек мэриясы шаарда кароосуз калган үй жаныбарларын асыроочу жай курат

Бишкек мэриясы шаарда кароосуз калган үй жаныбарларын асыроочу жай курат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда шаардын вице-мэри Вячеслав Красиенко билдирди. Айтымында, мындай жайды курууга болжол менен 9 миллион сом жумшалат. Курулса, шаардык бюджеттен жыл сайын 15 миллион 515 миң сом бөлүнүп турмакчы. “Үй жаныбарларын асыроочу жайга 0,5 гектар жер керек. Ал эми курулган имарат кароолчу, ветеринардык бөлмө, ашкана жана санитардык бөлмө болуп 4 бөлмөдөн турат. Ал эми анда иштей турган 40 кызматкер өз эрки менен иштешмекчи” дейт вице-мэр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан