Талас. Тинтүү учурунда Көк-Ой айылындагы жергиликтүү тургундун үйүнөн Белка үлгүсүндөгү кош ооз мылтык табылды

28-январда укук коргоо кызматкерлери Талас районунун Көк-Ой айылында Э.Б. аттуу жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүп, анда ок атуучу курал, 15 даана ок табылды. Текшерүү маалында үй ээсинин мал сарайынан Белка үлгүсүндөгү кош ооз мылтык табылып, күбөлөрдүн катышуусунда милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Талас облустук ИИБнин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан