Бишкекте “Чыйыр” гезитинин башкы редактору чоң көлөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 22-октябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыктын кызматкерлери тарабынан өзүн “Чыйыр” гезитинин башкы редактору жана “Акыйкат” саясий партиясынын мүчөсүмүн деп тааныштырган 48 жаштагы Акылбек Атабаев кармалган. Андан 10 килограммга жакын героин, 10 килограмм 400 грамм гашиш алынган. Ошондой эле анын бир канча жылдан бери баңгизатын сатуу менен алектенип, цыган жана тажик кылмыштуу топтору менен байланышта болгону айтылууда. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.