“Бүткүл дүйнөгө коркунуч келтирип жаткан “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” (ИГИЛ) кыймылы - глобализмдин жыйынтыктарынын бири. Аны бир да мамлекет кызматташтыксыз жалгыз токтото албайт”,- деди бүгүн, 22-октябрда "ИГИЛ келе жатат. Кантип Кыргызстанды исламдык ренессанстын таасиринен сактоо керек?" деген тема боюнча тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Атайын кызматтарынын генерал-лейтенанты Токон Мамытов.
Анын айтымында, акыркы 20-30 жылдын ичинде дүйнөдө глобализация ишке ашып, бүгүнкү күнү анын жыйынтыктары орун алууда. “Учурда ресурстардын түгөнүшүн жана алар үчүн күрөштөрдү байкап жатабыз. Мындан тышкары дагы бир коркунуч - дүйнөнүн калкынын кескин түрдө өсүшү. Мунун баары террорчулуктун пайда болушуна алып келди. Мурда 3-дүйнөлүк согуштун чыгып кетүү коркунучу болгон. Бирок биз муну аттап өттүк. Учурда бүткүл дүйнөлүк согуштун орун алышы кооптуу болууда”,- деди Мамытов.
Мындан тышкары ал “Ирак жана Леванта ислам мамлекети” кыймылы боюнча өз пикири менен бөлүштү. “Бул уюмдун үч булагы бар: идеологиялык, доктриналдык жана уюштуруу булактары. ИГИЛдин курамында мыкты офицерлер бар. Алардын айрымдары сириялык армиянын офицерлери, Советтер Союзунун же батыш академияларында аскердик билим алган офицерлер. Мындай көрүнүш бул уюмдун күчтүү аскер системин далилдейт”,- дейт Токон Мамытов.