Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош жана Талас шаарларынын аймагында контрафакттык алкоголдук продукцияларды сатуу фактыларын табуу жана тыюу салуу боюнча салыктык рейд жүргүзүлдү. Рейддин жыйынтыгында 191 137 сомдук 2448 бөтөлкө алкоголдук продукция алынды. Бул тууралуу 22-октябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, Талас шаарында бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркаларды пайдалангандыгы үчүн 1904 даана «Столичный вино-водочный завод» ЖЧКсынын алкоголу тартылып алынды. 0,25 литрге чапталуучу акциздик маркалар 0,5 литрге чапталган. Ошондой эле күмөндүү акциздик маркалары менен 122 бөтөлкө “Ал-Суу” ЖЧКсынын алкоголдук ичимдиктери тартылып алынган.
Ош шаарында болсо күмөндүү акциздик маркалары менен 422 бөтөлкө «Ал-Суу» ЖЧКсынын алкоголдук ичимдиктери тартылып алынды.
Тартылып алынган алкоголдук продукциялар жана кармоонун материалдары тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн ишканалардын катталган орду боюнча салык органдарына өткөрүлүп берилди.