"Жалпы суммасы 2,5 миң сомдон ашуун азык-түлүктү уурдаган" деген шек менен Чүйдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Биринчи Май районунун милиция кызматкерлерине арыз менен К.Талгат аттуу жаран кайрылган. Анда кечээ саат 16:25 чамаларында Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн жанынан белгисиз аял анын сатып алган 2513 сомдук азык-түлүктөрүн уурдап кеткенин айткан.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун А.Юлия аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.