Кыргызстанда уникалдуу жана баалуу архивдик материалдарды санариптик форматка өткөрүүгө 2,5 миллион сом талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитет жыйынында "Улуттук архивдик фонд тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, борбордук архивде тийиштүү жабдыктар: китеп сканерлери, компьютер жана башка техникалык каражаттар жетишпейт. Бардыгы болуп 32 миң 345 даана документти же 2 миллион баракты санариптик форматка өткөрүү зарыл.