Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, борбор шаардын 50 жаштагы Т.Виталий аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Садыкжан аттуу жигит "унаа сатып алууга жардам берем" деп акчасын алып, изин суутуп кеткенин айткан.
Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары Б.Садыкжан аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.