Кыргызстанда жумушсуз катары расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 58 миң адамды түздү

Үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 5 миллион 776,6 миң адамды түздү. Өткөн жылдын 1-январына карата калктын экономикалык активдүү бөлүгү 2 миллион 496,8 миңге барабар болгон. Ошол эле мезгилде 2 286 400 адам жумуш менен камсыз болсо, жумушсуздардын саны 210,4 миңди түзгөн. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-октябрда билдирди. 

Белгилүү болгондой, ушул жылдын 1-октябрында расмий катталган жумушсуздардын саны 57,8 миң адам. Ал эми жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо жумушсуз катары 92,8 миң адам бар. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан