Биз социалдык тармакта

"Кызды сабап, денесине оор залал келтирген" деген шек менен Бишкектин тургуну кармалды

"Кызды сабап, денесине оор залал келтирген" деген шек менен Бишкектин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.   

Маалым болгондой, милицияга арыз менен борбор калаанын 20 жаштагы Н.Нуржан аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Улан аттуу жигит аны себепсиз ур-токмокко алып, денесине оор залал келтиргенин айткан.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары шаардын 26 жаштагы С.Улан аттуу тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан