Оштун Кара-Кулжа районундагы каттала элек мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү тапшырмасын Ош облусунун казысы
Ниязалы Арипов Кара-Кулжа районундагы «Шарип-Ата» медресесинде айылдык аймактын жооптуу имамдары катышкан жыйында берди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда облустук казыяттан билдиришти.
Жыйында негизинен айылдык аймактарда аткарыла турган жумуштар өтө көп экендиги, аларды аткарууда ынтымакта, биримдикте иш алып баруу керектиги сөз болду. Мындан сырткары облус казысы коомчулук менен тыгыз мамиледе иштөөдө жана жарандарга таалим-тарбия, туура багыт берүүдө алардын орду жогору экендигин да белгилеп өттү.