Жалал-Абадда шаардын 137 жылдыгына карата тазалык үчүн демилгеленген эстафета өз ишин баштады. Бул тууралуу 22-октябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Шаардагы жаштар коомунун жана КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин облустук башкармалыгынын уюштуруусу менен иш-чарага окуу жайлардын студенттери катышат. Алар тазалоо ишин шаардын
борбордук көчөлөрүнүн биринен башташып, эстафетасын облустук телеканалга өткөрүп
беришет" деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, мындай иш-чара бир жумада бир жолу болуп, улам кийинки ишканага өткөрүлүп берилет. Керектелүүчү шаймандар мэрия тараптан берилгенин жаштар
коомунун жетекчиси Абдыманап Дыйканов айтты.