Москва районунда эки айылдаштын чыры өлүм менен аяктады

Москва районунда эки айылдаштын чыры өлүм менен аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондун Петровка айылындагы турак үйлөрдүн биринен 1975-жылы туулган үй ээсинин жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун башына урулган соккудан улам каза тапканы белгилүү болгон. Бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 1966-жылы туулган тургуну кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, уруштун келип чыгышына турмуштук маселелер себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
berra
2014-10-22 14:42:34
олтуруп эмне пайда тапты?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан