"Алеон" компаниясынын директору Илья Бакаренов баш болгон орусиялык делегация Ош шаарынын дыйкандары менен жолугушуп жүрөт. Дыйкандар кургатылган жемиштер жана башка өндүрүлгөн азыктарды көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу 22-октябрда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин басма сөз кызматы билдирди.Орусиялык делегация 23-24-октябрь күндөрү Ош жана Өзгөн шаарларында өтө турган Эл аралык күрүч фестивалына катышышат. Фестивалга Орусия, Япония, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышат.
Эске салсак, кечээ орусиялык делегацияны КРнын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары
Эркинбек Чодуев кабыл алып, жолугушууда
кургатылган жемиштерди Орусияга жөнөтүү маселеси талкууланган.